Жаңылыктар
Өткөн жылы өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү өстү
Экономика
Өткөн жылы өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү өстү

2019-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбасынын ички дүң продукциясынын көлөмү 219 млрд 966,7 млн сомду түздү. Мындай көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда көбүрөөк. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. 

Анын ичинде 103 млрд 944,5 млн сом суммасындагы мал чарба продукциясы өндүрүлдү, 2018 – жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дан азыктары-110 млрд 485,1 млн сомду түздү. Ал эми 2018-жылы бул көрсөткүч 10 млрд 119,1 млн сомду түзгөн. Ал эми кызмат көрсөтүү-4 млрд 786,9 млн сомго, аңчылык жана токой чарбасы – 348,2 млн сомго, балык чарбасы-402 млн сомго камсыздалган. 

2018 – жылдын тийиштүү мезгилине карата дүң продукциянын өсүү темпи 102,6% ды түздү, анын ичинде мал чарбасы боюнча – 102,5%, өсүмдүк өстүрүү боюнча – 102,6%, кызмат көрсөтүүлөр – 100%, аңчылык, токой жана балык чарбасы-100% га өскөн.