Жаңылыктар
Өзү окуган мектепке 56 миллион сом сарптап, жардам берген ишкер
Аймак
Өзү окуган мектепке 56 миллион сом сарптап, жардам берген ишкер

Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы орто мектептин баскетбол, футбол аянттары жана чуркоо жолу толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул иштерге жалпы жыйырма эки миллион сом сарпталган. Мектеп жааматы билдиргендей, бул иштер мындан 36 жыл мурда мектепти аяктаган бүтүрүүчү Юрий Шефлердин жардамы менен жасалган. Ал азыркы тапта Улуу Британияда жашайт. 

Ишкер бир кезде окуп кеткен мектебине жалпы 56 милллион сом сарптаган. Ага билим берүү мекемесинин ашканасы, он класстык бөлмө, гимнастика залы, кесипке үйрөтүү класстары толук оңдоп түзөөдөн өтүп, жабдылган. Ошондой эле окуучулар үчүн тигүүчү машиналарды, жыгач материалдарын иштетүүчү шаймандарды жана жалпы 40 заманбап компьютер алып берген. Быйыл ишкер мектепке чоң спорт залын салып берүүсү каралууда.