Жаңылыктар
“Ромео жана Жульетта” спектакли бир нече тилде бириктирилип коюлду
Мекендештер
“Ромео жана Жульетта” спектакли бир нече тилде бириктирилип коюлду

Москва шаардык жаштар театрынын режиссёрлору “Ромео жана Жульетта” спектакли бир нече тилде бириктирилип коюлду. Сахнада кыргыз тили да жаңырды. Пьесада Ромеонун ролун актёр болууну кыялданган мекендешибиз жаратты.

“Ромео жана Жульетта” бирин-бири сүйгөн жаштардын өлүмү менен аяктаган трагедиялык чыгарма. 14-февраль күнү Москва жаштар театрынын көрөрмандары өзгөчө коюлган спектаклге күбө болду. Мазмуну барына белгилүү болгон чыгарма орус, кытай, араб, серб, жана кыргыз тилинде жаңырды.

Спектакль 4 новеллага бөлүнгөн: жолугушуу, никелешүү, ажырашуу жана өлүм. Ар бир бөлүмдөгү башкы каармандар улам жаңы аткаруучулар менен алмашып турду. Төрт бөлүмдө төрт Ромео жана төрт Жульетта, ар бир окуяда өзүнчө өзгөчөлүк.

Саханада роль жараткандардын көпчүлүгү, биздин мекендешибиз Фархад өндүү үйрөнчүк актерлор. Театрдын режиссерлору студенттер менен башка кесиптин ээлерине, жан дүйнө түпкүрүндө катылган талантын тартуулоого мүмкүнчүлүк берген. Фархад Москва шаарындагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп эмгектенет. Ишинен бошогон күндөрү, Москва шаарындагы мекендештерибиз негиздеген “Аян” театрында эмгектенет.

Бактылуулук менен аяктаган трагедия. Көрөрмандар үчүн өзгөчө сыр белек дайындалган. Залда отургандардын дүркүрөгөн кол чабуусунун коштоосунда Фархад өзүнүн жашоодогу Жульеттасынын колун сурады. Уильям Шекспир бир кездери айтып кеткендей: «Жакшы менен аяктагандын, баары жакшы”.