Жаңылыктар
Европа биримдигинин Борбор Азия биринчи экономикалык форуму Бишкекте өтөт
Экономика
Европа биримдигинин Борбор Азия биринчи экономикалык форуму Бишкекте өтөт

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Латвиянын Тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен жолугушту. Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Европа биримдигинин Борбор Азия биринчи экономикалык форуму тууралуу сүйлөшүүлөр болду. 

Ал ушул жылы жайында Бишкекте өтөт. Латвия тарабына эки тараптуу кызматташтыкты олуттуу бекемдей турган энергетика, транспорт, жаңы технологиялар, айыл чарбасы тармактарында Кыргызстанда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу сунушу берилди.