Жаңылыктар
БУУ: жардамга муктаждардын саны рекорддук деңгээлге жетти
Саясат
БУУ: жардамга муктаждардын саны  рекорддук деңгээлге жетти

Стамбулда Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык саммит өтүүдө. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын чакыруусу менен президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Бул өлкө башчысынын орусиянын учагы түрк аба күчтөрү тарабынан атылганын сынга алгандан берки Түркияга жасаган алгачкы сапары. Саммитте адамзатка коркунуч жараткан актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле жеке кыргыз президентинин сапарынын маанисине көңүл бургандар да бар.

Алгачкы жолу өтүп жаткан эки күндүк бүткүл дүйнөлүк гуманитардык саммит куралдуу каршылашууларды токтотуу, бардык жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Жыйында сөз сүйлөгөн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги мун качкындар маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырык жасады.

“Жардамга муктаждардын саны  рекорддук деңгээлге жетти. Качкындарга байланыштуу глобалдык кризис экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор абалда. Жай тургундар мурда болуп көрбөгөндөй  чабуулдарга кабылып жатат. Анын курмандыктары гуманитардык жардамдарга муктаж.  Качкындарга карата ыңгайлуу чечим кабыл алууда жана аларды жайгаштыруу  маселесинде бардык тараптарды бирдей жоопкерчилик алууга чакырамын”.

Ар кандай жаңжалдардын кесепетинен учурда дүйнөдө 60 миллиондой адам орун которушкан. Гуманиардык саммиттин да качкындарды эң көп кабыл алган өлкө Түркияда өтүп жатышы да бекеринен эмес. Германиянын канцлери Ангела Меркель миграциялык көйгөйдү чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктан көптөгөн убадалар болгонун, бирок алар аткарылбай жатканын белгиледи. Талдоочу Кубан Абдымен жыйын өз жыйынтыгын берип, жардамга бөлүнгөн каражаттар эффективдүү жумшалышына шарт түзсө саммит өз максатына жетет деген пикирде. Ал ошондой эле саналуу качкындарды кабыл алганына карабай Кыргызстандын президентинин да саммитке катышып жатканына өзгөчө маани берет.  

Саммитте талкууланган маселелер дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурса, Кыргызстанда президенттин Түркияга жасаган бул жолку сапарына да маани берилип жатат. Аталган өлкөгө Атамбаевдин орус учагынын түрк аба күчтөрү тарабынан атылышын сынга алгандан берки алгачкы ирет барышы. Талдоочу Искендер Ормон уулу өлкө башчысынын билдирүүсү эки мамлекеттин мамилесине доо кетирген эмес деген пикирде. Муну Кыргызстандагы социалдык жайлардын курулушуна түрк тараптан каржылоолордун токтобогону менен байланыштырат. Кандай болгон күндө да бул жолку сапар ортодо таарынычтар болсо, аларды жөнгө сала алат деп ишенет. Талдоочу ошондой эле президенттин Стамбулга барышы Түркияда өкмөт башына жаңы жетекчи келип жаткан учурга дал келгенине да өзгөчө көңүл бурууда.

Стамбул шаарындагы гуманитардык саммит бүгүн да уланат. Президенттин маалымат кызматы өлкө башчысы кечээ жыйындан сырткары Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуп, кызматташтык маселесин талкуулаганын кабарлады.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”