Жаңылыктар
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын бекитти. Бул милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылат жана ал бир нече милдеттерди камтыйт. Аны аткарууга тартылган мамлекеттик органдарга жасалган иштер тууралуу Өкмөттүн Аппаратына ай сайын маалымдап туруу тапшырылды. 

Иш-чараларды аткаруучулар Башкы прокуратура, Жогорку сот, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Ички иштер, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.