Жаңылыктар
Насыя алган дыйкандардын саны 10 миңден ашты
Экономика
Насыя алган дыйкандардын саны 10 миңден ашты

Кыргыз Өкмөтү тарабынан айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн берилип жаткан жеңилдетилген насыяны алган дыйкан-фермерлердин саны 10 миңден ашты. Таратылган асыянын жалпы көлөмү 3 миллиард  сомго жакындады. Ал эми  айыл чарба техникалары мурун жети жылга 30 пайыз менен берилсе, азыр он жылга он пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Дыйкандарга айыл чарба техникалары насыяга он жылдык мөөнөт менен берилүүдө.  Бирок алардын баалары элеттик дыйкан үчүн кымбатка туруп жатканын  Ат-Башы районунун дыйканы Эсенбек Омургазиев белгиледи. Ошондуктаны аны сатып алуу үчүн ири чарбаларды түзүү зарылдыгын ачыктады.

Айыл чарба жана мелиорация министри Турназир Бекбоев быйылкы насыя берүүгө бир катар жаңылыктар киргизилгенине токтолду. Айталы 100 миң сомго чейин насыя эч кандай күрөөсүз айылдагы турмушу жетишсиз жер ээлерине берилип жатканын кошумчалады. Эгер мурун насыя эки жылдык мөөнөткө берилип келсе, быйыл ал үч жылга узартылганын кабарлады.

 Ал эми Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы “Келечек” дыйкан чарбасынын жетекчиси Таалайбек Акеев техникаларды узак мөөнөткө лизингке бериши дыйкандарга кыйла женилдик болуп жатканын билдирди. Мындай колдоо чарбаны өнүктүрүүгө өбөлгө боло турганын ырастады. Республикадагы  дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя берген беш банктын бири “РСК”. Бүгүнкү күнгө чейин аталган банк тарабынан  2500 дыйкан фермердин мүдөөсү канааттандырылганын банктын төрагасы Азизбек Өмүралиев билдирди. Жазгы талаачылык жумуштары үчүн берилген жеңилдетилген насыянын жалпы сумма 1 миллиард сомго жетти. Азыр да насыя берүү иштери ишке ашырылып жатканын кошумчалады. 

Былтыркы 2015-жылы өлкө аймагындагы 9000 дыйкан-фермерлер өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын алышкан. Жалпы берилген насыянын суммасы 3 миллиард 801 миллион сомго жеткен. Быйыл төрт айдын аралыгында 10000 дыйкан-фермерлер жеңилдетилген насыя алышты. Ал эми алар насыянын жалпы көлөмү 3 миллиард  сомго жетти. Учурда насыя алуу иш уланып жатканын банк адистери белгилешет.

К. Калилов, “Биринчи радио”