Жаңылыктар
Кыргыз-кытай алакасы энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирди
Экономика
Кыргыз-кытай алакасы энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирди

Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүсүнө Кытай тараптын салымы чоң. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолукканда баса белгиледи. Эске салсак, маанилүү жол куруу жана энергетика тармагындагы долбоорлордун басымдуусу Кытай тараптын колдоосу менен ишке ашып келет. Ал арада Кытай көмүрдү казуу, иштетүү жагынан дагы алдыңкы сапта турарын эске салган эксперттер, келечекте бул багытта  дагы ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырса болоорун боолгошууда.

Кыргызстан Орто Азия чөлкөмүндө  суу башындагы өлкө болгону менен эгемендигин  өз колуна алгандан бери энергетика тармагы ич жылытаарлык  өнүкпөй, кризистен башы чыкпай  келген. Бул жылдар аралыгында айрым коңшу өлкөлөр үчүн дал ошол энергия алкагы Кыргызстанга кысым жасоонун куралына айланган учурлар дагы кездешкен. Азыр абал андай эмес. Анткени  Кыргызстанда “Датка-Кемин” электр линиясы ишке киргенден бери өлкө толук түрдө энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду. Ал  күнгө чейин өлкөдө өндүрүлгөн электр энергияны кыргызстандыктар  Токтогулдан Өзбекстан аркылуу алып  миллиондогон долларды транзит үчүн төлөп келген. Өлкөнүн  энергетикалык көз карндысыздыкка жетүүсүнө Кытай тараптын кошкон салымы өзгөчө экенин тануу мүмкүн эмес. Муну өлкө башчы Алмазбек Атамбаев дагы  Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен жолукканда өзгөчө  белгиледи.

Ал эми «Датка-Кемин» долбоору Кыргызстандын чыныгы улуттук кызыкчылыктарынан болуп саналарын эске алган, Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И бул долбоор эки өлкө үчүн кызматташттыктын маанилүү багыты болуп калганын, ал эки жакка тең пайда алып келерин белгиледи.

Эксперттердин пикиринде эгемендик мезгилинде коомчулукту ар кандай саясый-экономикалык кыйын кырдаалга такаган бир гана тармак – Кыргызстандын энергетика системасы болгон. Мындан улам  оозду куу чөп менен аарчый бербей,  Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу багытында чечкиндүү кадамдарга барды десек туура болот-дешет алар. Энергетика боюнча серепчи  Карыпбек Алымкулов, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүсүнө Кытайдын салымы өзгөчө –деген пикирди колдоорун айтат. Адистин баамында,Кытай тарап каражатын салганы аз келгенсип, мыкты адистерин алып келип иштеткен күндөрү дагы болгон.

Датка-Кемин” подстанциясы- бул дүйнөдөгү эң оор долбоорлордун бири болгонуна карабастан, Кытай аны 2,5 жылда салып берди. Ал арада Кытай көмүрдү казуу, иштетүү жагынан дагы дүйнөдө алдыңкы сапта  турарын эске салган, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Кыргызстандын Кытай менен Сары-Жаз дарыясынын мүмкүнчүлүктөрүн бирге пайдалунуу боюнча дагы ири долбоору бар экенин айтат.

Кошумчалай кетсек,  Кыргызстан эл аралык «CASA–1000" долбоорунун да катышуучусу болуп саналат. Кыргызстан менен Тажикстандын энергиясын миңдеген чакырымдар аркылуу Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө экспорттоону көздөгөн бул ири долбоорду жүзөгө ашырууда мына ушул 500кВттык “Датка-Кемин” энергия линиясы ишке жараган турат-дешет энергетиктер.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”