Жаңылыктар
Өндүрүштү колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Өндүрүштү колдоо

Таластагы сыр чыгарган заводдун өнүмү "Жылдын мыкты сапаттуу продукциясы" деп табылды. Аймактагы бул ири ишкана Евразия экономикалык биримдиктин аймагына белгиленген реестрге киргизилген атамекендик ишканалардын бири.

Бул завод Таластагы эң ири ишканалардын бири. Иштөө шарттарынан тарта, өндүргөн продукциясына чейин толугу менен ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келет. Сүттү кайра иштетүү менен түрдүү азыктарды чыгарган ишкана биринчи кезекте коопсуздукту көзөмөлгө алган. Ал үчүн малдын эмдөөдөн өткөнүнөн тарта, сүттү ташыган унааларга чейин тыкыр текшерилип турат. Ал эми бул цехте элге таанымал сырдын түрлөрү чыгарылат.

Мында болсо май өндүрүлөт. Ар өлчөмдөгү майлуулугуна жараша таңгакталат. Ошондой эле айран, быштак азыктары чыгарылат. Алынган продукция ички базарлардан тышкары, экспортко да жөнөтүлөт. Акыркы ири келишим Кытай менен түзүлгөн. Андыктан жакын арада кабыл алынган сүттүн көлөмү да көбөйөт.

Ишкана 2019-жылы 400 тонна сырдын түрүн, 150 тонна май өндүргөн. Продукциянын 20 пайызы Россияга экспорттолгон. Ошондой эле мында кондитердик цех ачылып, жаңы гана ишке берилген. Белгилей кетсек, бул завод «Мыкты сапат» номинациясына ээ болуп, атайын тастыктама алды.