Жаңылыктар
Ишкердик - өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкердик - өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө

Эки жылдан берки аймактарды өнүктүрүү аракеттери өз жыйынтыгын берүүдө. Элет жеринде биринчи жолу өндүрүш багытында ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Ошону менен катар, ишкерлик чөйрөсүндө чечилүүгө муктаж болгон көйгөйлөр да аныкталган. Алсак, Ошто имарат маселеси бар.

Оштогу “Дастан-стиль” кийим тигүү фабрикасы былтыр экинчи цехин ачты. Буга, кыргызстандагы жеңил өнөр жай тармагынын дүйнөлүк базарларда өз ордун таба алганы, суроо-талаптын өсүшү негиз болгон. Башкысы көлөм экенин түшүнгөн ишкер, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылык насыя алган. Натыйжада, 100дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлдү. Текстиль негизинен тапшырык менен иш алып барат. Балдардын, аялдардын, эркекетердин кийиминен сырткары, ишкана-мекемелердин жана мектеп окуучулардын формасын тигет. Башкы кардарлары- Казакстан менен Орусия мамлекеттери.

Элдостун пикиринде, “кандайдыр бир ийгиликке, сөзсүз чет өлкөдө иштеп гана эмес, өзү туулуп өскөн айыл жеринде эле жетүүгө болот”. Анткени, анын продукциясы Кыргызстанды Европанын дүкөндөрүндө “Кыргызстанда жасалган” эн белгиси менен таанытууда. Былтыр аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата ишке кирген ишкана- санариптик технологиядан да четте эмес. Видео байкоо камералары орнотулуп, коопсуздук чаралары атайын иштелип чыккан мобилдик тиркеме аркылуу кабарланып турат. 

Ишкананын өзүнө гана эмес, өзгөгө да пайдасы тийип жатканы турган кеп. Калк жыш жайгашып, жумуш күчү талап кылынган Ош шаарында ишке кирген бул жай, буга чейин миң чакырымдап борборго барып эмгектенип келчү элеттиктердин түйшүгүн жеңилдетти. Жол азабынан кутулгандардын бири - Сайкал Таштанова. Ишканаларды ачууда аймакта имарат койгойу байкалат. Ал эми, ишкердикти колдоо, экспортко багытталган ишканаларды электрондук фискалдаштыруу максатында облустун райондорунда Бирдиктүү терезе принциби иштөөдө.