Жаңылыктар
Жабык чек аранын экономикага кедергиси
Кыргызстан жаңылыктары
Жабык чек аранын экономикага кедергиси

Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы бир нече жумадан бери жабык тургандыктан, бул жагдай эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн кескин азайтты. 

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январь, февраль айларында Кытайдан товар импорттоо дээрлик 80 пайызга төмөндөгөн. Мындан улам Кыргызстандын ири базарларында, өнөр жай ишканаларында чийки заттын жетишсиздигинен өндүрүш иштери солгундаганы байкалууда.