Жаңылыктар
Корукчунун өлүмүнө айыпталгандарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы суралды
Кылмыш
Корукчунун өлүмүнө айыпталгандарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы суралды

Казакстанда прокурор экоинспектор Ерлан Нургалиевди өлтүрүүгө жана анын кесиптеши Петр Ницыктын өмүрүнө кол салууга айыпталып жаткан үч адамды өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.

17-февралдагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоо бул иштин алкагында «Мыйзамсыз аңчылык кылуу» беренеси боюнча айыпталып жаткан дагы төрт соттолуучунун ар бирин алты жылдан соттоону өтүндү. Мындан тышкары алардын аңчылык кылуусуна жети жылга тыюу салынышы керектигин билдирди.

Учурда камакта отурган үч соттолуучу корукчуну өлтүрүү, анын шеригине кол салуу жана бөкөндөргө мыйзамсыз аңчылык кылуу айыптары менен макул эмес экендиктерин билдирип жатышат. Адвокаттар айыпталуучуларда корукчуну өлтүрүү ниети болбогондуктан, «Адам өлтүрүү» беренесин башкага алмаштырууну өтүнүүдө.

Мыйзамсыз аңчылык кылууга айыпталып жаткан төрт соттолуучу күнөөлөрүн жарым-жартылай мойундарына алышкан. Алар иштин материалдарында айтылгандай 17 эмес, үч бөкөн өлтүрүшкөнүн билдиришүүдө.

Былтыр 13-январда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкерине Караганды облусунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Ошол маалда корукчуларга карата ок атылып, алар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 15-январда Астанадагы ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгон.

Бул окуядан кийин бийлик мыйзамсыз аңчылык үчүн жазаны катаалдатууну сунуштаган. Өткөн жылы декабрда Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, «Мыйзамсыз аңчылык» беренеси боюнча соттолгондорго жаза күчөтүлгөн.