Жаңылыктар
Асаддын армиясы Алеппого жакын шаарды көзөмөлүнө алды
Дүйнө
Асаддын армиясы Алеппого жакын шаарды көзөмөлүнө алды

Сирияда президент Башар Асаддын режимин колдогон басылмалар өкмөттүк күчтөр Алеппо провинциясынын басымдуу аймагын көзөмөлгө алганын кабарлашты.

Reuters агенттигинин белгилешинче, бул провинцияда дале болсо куралдуу оппозициянын каршылык көрсөткөн күчтөрү калууда.

Сириялык укук коргоочулар менен активисттердин маалыматына караганда, жекшемби күнү Орусия Сириянын бир нече шаарына, анын ичинде Анаданга аба соккуларын жасаган. Андан соң бул шаарларга иранчыл аскердик түзүмдөр тарабынан колдоого алынган Башар Асаддын армиясы кирип барган.