Жаңылыктар
Коронавируска каршы дарылар сатыкка чыкты
Дүйнө
Коронавируска каршы дарылар сатыкка чыкты

Коронавируска каршы дарыны сатууга Кытай бийлиги уруксат берди.

Пекинде 14 күндүк карантин жарыяланды.

Америкалык баскетбол жылдызы менен коштошуу  аземине катталгандар бир күндө 90 миңден ашты.

Өзбек  ашпозчулары Москвада 800 кг лагман жасап рекорд коюшту.


Кытайлык компаниялардын бири коронавируска каршы "Фавипиравир" дарысын сатууга уруксат алганын билдирди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.Аталган компаниянын билдирүүсүнө ылайык, дарыны сатууга Кытай бийлиги уруксат берген. "Фавипиравир" потенциалдуу дары катары сатыкка коюлмакчы. Дары сатыкка чыккандан кийин деле клиникалык текшерүүдөн өтөрү айтылды.Дары алгач клиникалык тесттен өтүп, ага 70 киши катышкан. Изилдөөнүн натыйжасы жакшы экени байкалганын Кытайдын Илим жана техника министрлигинен билдирген.Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус буга чейин Covid-19 вирусуна каршы вакцинаны иштеп чыгууга жарым жыл керектелерин айткан.


Кытайдын Пекин шаарында 14-февралдан баштап борборго келген жарандарга шарттуу түрдө 14 күндүк карантин жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты."14-февралдан  баштап борборго келип жаткан жарандар 14 күн үйүндө же медициналык борборлордо  көзөмөлдө болушу шарт. Кимде ким бул шарттан баш тартса, ал мыйзам боюнча  жазага тартылат", - деп жазылат маалыматта. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирус менен жабыркагандардын санын жарыялап, 16-февралга карата каза болгондордун жалпы саны 1 миң 770 болсо, 70 миң 548 адам жуктуруп алганы маалым болду.Каза болгондордун көбү Хубэй провинциясында, калгандары Хэнань жана Гуандун провинцияларында катталган.Учурда Кытайдагы ооруканаларда 57 миң 934 адам коронавируска каршы дарыланып жатат. Алардын ичинен 10 миң 600 адамдын абалы оор деп бааланууда. Ал эми бул дарттан айыгып кеткендердин саны 11 миңге чукулдады деп жазылат маалыматта.


Америкалык баскетбол жылдызы Коби Брайант менен коштошуу аземине катышууну каалагандардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.Бул коштошуу аземи 24-фералда Коби Брайант ойногон "Лос-Анжелес Лейкрс" баскетбол клубунун аренасында өтөт. Бул арена 20 миң кишиге ылайыкташкан болсо, аземге катышкысы келгендердин саны бир күндө 90 миң кишиден ашкан. Аземге катышкысы келгендер 224 жана 24 доллардан сатылган эки билет менен киргизилет. Бул аземден түшкөн каражат Коби Брайант жана аны менен чогуу каза болгон кызы Жианнанын жаркын элесине арналып уюштурулган жаштар спортун өнүктүрүүгө жумшалат.Маалыматка ылайык, 26-январь күнү баскетбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири Коби Брайант тик учак кырсыгынан каза болгон.


Өзбекстандын ашпозчулары Москвада өткөн "Тюбетейка" аттуу маданий фестивалда лагман жасап, Россиянын рекорддор китебине кирди. Мынчалык көлөмдүү лагманды жасоого дээрлик бир тонна азык-түлүк кеткенин, аны менен миңден ашуун адамды азыктандырууга болорун  өзбекстандын басылмалары жазат.Рекордду каттоо боюнча "Интеррекорд" агенттиги жасалган лагмандын салмагы 797 килограмм 750 грамм деп расмий катталганын жар салды. Муну менен алар буга чейин казак ашпозчулары жасаган рекорддон ашып түшкөнү айтылат.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”