Жаңылыктар
Тажикстандын президенти шайлоого өмүр бою катышканга укук алды
Саясат
Тажикстандын президенти шайлоого өмүр бою катышканга укук алды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президенттик шайлоого өмүр бою катышканга укук алды. 22-майда болгон референдумдун жыйынтыктары боюнча, Конституцияны өзгөртүүгө сунушталган 41 жобону шайлоочулардын 95 пайызы колдогон. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми Эмомали Рахмон мындан ары канча ирет президент болуп шайлангысы келсе дагы чек коюлбайт. 

Ошону менен бирге диний негизде партия түзүүгө тыюу салынды. Президенттик шайлоого катышууга укук бере турган жаш курак мурда 35 жаштан башталса, жаңы өзгөрүүгө ылайык эми 30 жашка толгондон тартып ат салышканга уруксаат берилди. 

Айрым серепчилер муну Эмомали Рахмондун азыркы 29 жаштагы уулу Рустам Эмомалинин шайлоого катышуусуна жол ачканы катары баалашууда. Анткени ал келерки президенттик шайлоонун мөөнөтү туш келген 2020-жылы 33 жашка толот. Эмомали Рахмон дээрлик 25 жылдан бери Тажикстанды башкарып келет.