Жаңылыктар
Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусу боюнча ИИМ териштирип жатат
Кылмыш
Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусу боюнча ИИМ териштирип жатат

Социалдык тармактарда жана айрым маалымат агенттиктеринде Ош шаарынын тургуну Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусу жарыяланган. Анда ал президентке кайрылып, ага коркутуу болгонун жана аны уруп-сабап, андан кийин тапанчадан жаракат алып ооруканада жатканын айткан. Мындан улам ИИМ кайрылуу боюнча текшерүү жүргүзүп, кайрылуудагы ар бир окуя териштирилип жатканын маалымдайт. 

Кабарчыбыз Урмат Жээнбеков Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусу боюнча кандай териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Замир Сыдыков менен болгон маегин сайтыбызга жүктөдүк. Аны аудиодон укса болот.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"