Жаңылыктар
Путин жаңылган котормочуларына түшүнүү менен мамиле жасарын айтты
Дүйнө
Путин жаңылган котормочуларына түшүнүү менен мамиле жасарын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин котормочулардын жаңылып калганына түшүнүү менен мамиле жасайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин адистери "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасында интервью берип жатып билдиришкен.

ТИМдин Лингвистикалык камсыздоо департаментинин кеңешчиси Алексей Садыковдун айтымында, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн бардыгы "жашыруун" деген аталыш менен өтүп, котормочулар андагы сүйлөшүүлөр тууралуу сөз кылышпайт. Мамлекет башчы кээде алардын сөзүн тууралаган учурлар болот. Анткени, адистер алгачкысын которуу менен кийинки сөздү угууга үлгүрүшү керек. Айтылган кепти талдап, башка тилге маанисине жараша которуу зарыл. Алар котормо учурунда кыйынчылыктар көп эле болорун кошумчалашты.