Жаңылыктар
Медициналык жактан камсыздандырылган жарандардын саны кыскарды
Ден соолук
Медициналык жактан камсыздандырылган жарандардын саны кыскарды

2016-жылы камсыздандыруудан өткөн жарандар өлкө калкынын 76 пайызын түзсө, былтыр бул көрсөткүч 69 пайыз гана болгон. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду муну каттоонун жана эсепке алуунун санариптик технологияларын пайдаланууга, жазуулардын кайталануусун жокко чыгарууга байланыштырды. 

Учурда жарандар 1200 сомго атайын полистти сатып алып, тиешелүү медициналык кызматтарды ала алышат.