Жаңылыктар
Студенттердин стипендиясы жогорулады
Билим
Студенттердин стипендиясы жогорулады

Педагогикалык багытта билим алып жаткан студенттердин стипендиясы 100 пайызга жогорулады. Мурда студенттерге 600 сомдон төлөнүп келсе, эми 1600 сом алышат. 

Бул туралуу Бирим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Азыркы тапта жогорку окуу жайларында педагогикалык багытта билим алып жаткандардын саны 2 миң 953, ал эми колледждерде 315 студент бар. Стипендияны жогорулатуунун максаты - мугалимдердин макамын жогорулатуу жана аларга иштөөгө шыктандыруу.