Жаңылыктар
Бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келген жүктү кармады
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келген жүктү кармады

Мамлекеттик бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келген оргтехникаларды жана эл керектөөчү товарларды аныктады. Мыйзамсыз алынган товарлардын жалпы баасы 2 млн 754 миң сомду түзөт. Маалыматка ылайык, ЕАЭБ аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чара жүргүзүлгөн. 

Жыйынтыгында текшерилген “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаадан чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан товарлар табылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.