Жаңылыктар
“Кепилдик фонд” ишкерлерди колдоону улантат
Кыргызстан жаңылыктары
“Кепилдик фонд” ишкерлерди колдоону улантат

Аймактарды өнүктүрүү жылында быйыл дагы “Кепилдик фонд” элеттеги ишкерлерди колдоону улантат. Учурда кепилдиктин 90 %ы аймактардагы ишкерлерге берилүүдө. Өзгөчө аймактарда айыл чарба тармагын кластердик ыкма менен өнүктүрүү боюнча атайын программаны ишке ашыруу ыкчам колго алынган. Бул сүттү кайра иштеткен ишканалар, мал чарбачылыгын өнүктүрүп, айыл чарба техникаларынын шаймандарын чыгарган ишкерлер насыя алууда колдоо тапты. Негизинен “Кепилдик фонд” айыл чарба, зыктарды кайра иштетүү, мал чарбачылыгы, өндүрүш ишканаларын иштеткен орто жана чакан бизнеске, туризм, соода, транспорт, курулуш тармактарында иштеген ишкерлерди колдоп келүүдө.