Жаңылыктар
Калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн жетекчилери кызматтан четтетилди
Кыргызстан жаңылыктары
Калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн жетекчилери кызматтан четтетилди

Токмок, Каракол жана Ош шаарларынын калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү тарабынан жарандарды каттоого тургузууда кемчиликтер кетирилгени же кетирилбегени талдоону талап кылат. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кызматтык иликтөө башталды. 

18-февралдан тартып бул бөлүмдүн жетекчилери убактылуу кызматтан четтетилди. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы таратты. 

 Эске салсак, аталган шаарларда жарандардын массалык түрдө каттоого туруп жатканына байланыштуу маалыматтар тараган. Башкы прокуратура бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө өткөнүн билдирген.