Жаңылыктар
Айыл чарбасын каржылоого багытталган каражаттын көлөмү өсүүдө
Айыл чарба
Айыл чарбасын каржылоого багытталган каражаттын көлөмү өсүүдө

Агроөнөр жай тармагында жогорку квалификациялуу адистер болмоюнча атамекендик айыл чарбанын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында уюштурулган агрономдордун республикалык конференциясында билдирди. 

Өкмөт башчы алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн дыйкан чарбалардын, кооперация инструментин дээрлик активдүү колдонуу зарыл экенин айтты. Өкмөт айыл чарбасына мындан ары да колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. «Айыл чарбасын каржылоо» программасы быйыл да уланарын жана фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилерин айтты. Ал кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталганын кошумчалады. Эске салсак, айыл чарбасын каржылоого багытталган каражаттын көлөмү жылдан-жылга өсүүдө.

"Союз маалында агроном кесибине суроо-талап чоң жана абдан ардактуу болгону барыбыздын эсибизде. Бардыгы агроном, технолог, мал багуучу багытында билим алууга аракет кылчу. Союздун тарашы менен бардыгы өзгөрүп, агрардык университеттин коридорлору бош болуп калган учурлар дагы болгон. Бул жагдай, албетте, биздин экономикага таасирин тийгизген. Адистердин жоктугу түздөн-түз чыгарылган продукциянын сапатына жана жалпы эле айыл чарбасынын өнүгүшүнө таасирин тийгизген",- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.