Британиялык Andrews Bowen Ltd. компаниясы Түркмөнстандагы ат чабыш жолдоруна атайын материалдарды төшөп чыгат. Буга 1 миллион фунт стерлинг бөлүнөт. Бул тууралуу британиялык Blackpool Gazette басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, компания апрелге чейин Ливерпулдан (Британия) Түркмөнстанга ар бири 1 тоннадан турган 10 миң кап продукция жөнөтөт.
Andrews Bowen Ltd. компаниясынын түзүлгөнүнө 15 жыл болгон. Ал ат майдандары үчүн кум, мом жана синтетикалык булаларды өндүрөт. Компания 2012-жылдагы Олимпиада оюндары үчүн Гринвич ат майданын, Хикстейд шаарындагы “Жылдын аргымагы” шоусундагы иподромду, Жаңы Зеландия, Флорида жана Катардагы ат чабыш жолдорун жасаган.
Түркмөнстан борборунда ат спорттук комплекси жана бир нече ипподромдор бар. Жылкычылык тармагын өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү көзөмөлдөйт. Ал өзүн мыкты чабандес, саяпкер катары сыпаттап жүрөт. Асыл тукум аргымактар тууралуу китеп жазып, жарыштарга өзү катышат.
Түркмөнстан соңку отуз жылдан бери оор экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Жапырт жумушсуздук, тышкы миграция күч алып, социалдык жеңилдиктер жоюлуп, азык-түлүк тартыш болуп жаткан маалда бийлик кымбат оюн-зоок жайларын, мейманканаларды, гольф-клубдарды, ипподромдорду курууну улантууда.