Өзбекстан бийлиги өлкөдөгү ишке орноштуруу боюнча бардык жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүнө тыюу салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов Human агенттигине алданып калган жабырлануучулар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Арипов ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишин токтотуу тууралуу президентке сунуш киргизерин айтты. Анын билдиришинче, жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу ишин Тышкы миграция агенттиги алып барса, максатка ылайыктуу болот.
17-февралда ондогон кишилер Ташкенттеги “Эгемендүүлүк” аянтына чогулуп, мамлекеттик лицензиясы бар жеке агенттиктерден тарткан чыгымдары үчүн компенсация талап кылышкан. Алар менен алгач вице-премьер Азиз Абдухакимов, андан соң премьер-министр Абдулла Арипов жолугушкан.
Жолугушуу учурунда өкмөт башчы президенттин буйругу менен 1086 киши компенсация аларын кабарлаган.
Өзбекстанда ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүнө 2018-жылы күзүндө уруксат берилген. Мындан кийин 66 агенттик өзбекстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу үчүн лицензия алган.