Жаңылыктар
Мурдагы президент катышкан соттук териштирүү 20-февралга жылдырылды
Кылмыш
Мурдагы президент катышкан соттук териштирүү 20-февралга жылдырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдордун ишин кароо улантылды. 

Жараянда сот, күбө Эралиеваны суракка алууну улантты, андан кийин күбө Абдылдаев көрсөтмө берди. Иш убактысы аяктаганына байланыштуу, соттук териштирүү 20-февралга жылдырылды.