Жаңылыктар
Инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланышкан сот отуруму өттү
Кылмыш
Инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланышкан сот отуруму өттү

Инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланышкан сот отурумунда бир катар адамдарды суракка алуу чечими кабыл алынды. Кийинки 25-февралга белгиленген отурумга Арапбаев, Мааткасымов, Исмаилов, Зазазиев жана Омуралиев чакырылат. Алардын айрымдары мурдагы бийликтин тушунда чет элдик жарандардын мүлктөрүн рейдерлик жол менен алууга көмөктөшкөнү кабарланган. 

Ал эми мурдагы мамлекет башчысынын жубайы Раиса Атамбаеваны сотко чакыруу тууралуу өтүнүч каралбай калды. Көп кабаттуу турак жай салган кытайлык ишкерлердин мүлктөрүн документтерди жасалмалоо жолу менен тартып алууга байланыштуу Рустам Маманов, Рустам Воинов аттуу жарандар айыпталышкан. Аларга президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаев жана мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган бир катар адамдар көмөк көрсөтүшкөнү айтылган. Арабаев кийинчерээк тергөө менен кызматташа баштаган.