Жаңылыктар
Өзбекстан элинин саны 34 миллиондон ашты
Дүйнө
Өзбекстан элинин саны 34 миллиондон ашты

Алматыда  4 баланын энеси липосакция операциясын жасатам деп көз жумду.

Өзбекстандын  калкынын саны 34 миллионго жетти.

Мурдагы тажик командири Дубайдан  Душанбеге экстрадицияланды.


Алматыда 4 баланын энеси, 36 жаштагы Жамиля Жылкайдарова аттуу аял липосакция операциясын жасатуу учурунда көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.Маалыматка ылайык, учурда укук коргоо органдары келиндин өлүмү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду деп, операция жасаган дарыгерлерди жоопко тартууну талап кылууда. Жамиля Жылкайдарованын каза болгонун хирургдар ал клиникага келген күндүн эртеси таңда айтышкан."Биз клиникага барганда анын өлүмү тууралуу эч ким толук маалымат берген жок. Операция үчүн керек болгон жабдыктарды жашырышып, Жамилянын кантип каза болгонун билгендердин баары кетип калышыптыр. Болгону анын кан басымы түшүп кеткенин айтышты", - деген келиндин жакындарынын бири. Ошондой эле ал Жамиля Жылкайдарова липосакция үчүн 3 миллион теңге төлөгөнүн, бирок клиника акчаны кайтарбаганын кошумчалаган.Ал эми жакын курбусу Айгерим Кулболдинова: "Жамиля липосакция жасатууну көптөн бери эле пландап жүргөн. Мындай операция Москвада аябай өнүккөн, негизи Москвадан жасатам дечү. Балдарды төрөп, башка төрөбөй турган болгондо операцияга барам деп, төртүнчү баласын төрөгөндөн кийин жасатайын деди. 

Бул клиниканы интернет аркылуу тапкан болчу. Бардык эле аялдар сулуу болууну каалайбыз, ал деле күйөөсү үчүн, өзү үчүн идеалдуу болууну каалаган болчу", - деген.Клиника учурда жабылган, дарыгерлер сурак берип жатышканы жазылат маалыматта.Алматы шаардык полициясынын өкүлү Жылкайдарова дарыгерлердин катачылыгынын улам каза болушу мүмкүн деген версияны айткан."Алдын ала айтылган версия боюнча, кардар дарыгерлер ишин жакшы билбегендигинен, эпсиз кыймыл аракетинен улам каза болушу мүмкүн. Буга күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышат. Медициналык мекеменин мыйзамдуу иштешин, мындай түрдөгү кызматтарды көрсөтүүгө уруксаты болгонбу, баары текшерилүүдө", - деген полиция өкүлү.Алдыңкы 3 апта ичинде келиндин өлүмүнүн себеби аныкталышы керек экендиги, ага дарыгерлер күнөөлүү болгону далилденсе беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү белгиленет маалыматта.Липосакция - хирургиялык жол менен денедеги май катмарларын алган косметикалык же бариатрикалык операция. Бул операция дененин бир бөлүгүнө, көбүнчө курсакка, санга жасалат.


Тажикстандын Ички иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирлигинен  жарандык согуш мезгилиндеги Элдик фронттун мурдагы талаа командири Худжа Каримов экстрадицияланганын ырастаганын чет элдик басылмалар жазды. Ал 2019-жылы июлда Дубайда кармалып, үч жумадан кийин белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган.Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, Каримов Тажикстанда бир катар кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүү, кыйноо, батымтага алуу жана мыйзамсыз курал-жарак сактоо беренелери боюнча айыпталууда. Ал 1999-жылы өлкөдөн чыгып кетип, Малайзияда ишкерлик менен алектене баштаган. Ага чейин Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын тобунун жетекчи орун басары жана Футбол федерациясынын башчысы кызматтарында иштеген.


Өзбекстан элинин саны 34 миллиондон ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн статистика комитети маалымдады. Маалыматка ылайык өзбек калкынын 18-февралга карата так саны 34 002 410 адамга жеткен. Ушул эле жылдын январь айында Өзбекстан калкынын саны 33 905 799 адам болгон. Статистика комитетинин басма сөз кызматынынын берген маалыматына караганда, өлкөдө 17млн ашык эркек жана 17 млнго жакын аял бар. Ал эми жаңырган жыл башынан бери 127 миңге чукул бала төрөлсө, 29миң адам көз жумган. Натыйжада 1,5 айда гана өзбек эли 97 миң адамга көбөйгөн


Кытай өлкөсү Түркмөнстандан 200 миң долларга 1 млн медициналык бет кап сатып алды. Бул тууралуу «Turkmenistan.ru» басылмасы мамлекеттик соода-чийки зат биржасына шилтеме берүү менен билдирди.«Үч катмарлуу бет каптар Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишканасында өндүрүлгөн», - деп айтылды маалыматта. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Кытайда коронавирус жайылганына байланыштуу медициналык бет каптар жетишпей жатат.2019-жылы 31-декабрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жаңы түрү тууралуу билдирүү алган. Вирус 11 млн адам жашаган Ухань шаарында чыккан.Изилдөөчүлөр COVID-19 коронавирусун жуктурган америкалык бейтаптан алынган вирус менен клетканын үлгүсүн сүрөткө тартып алышкан. Окумуштуулардын айтымында, COVID-19 коронавирусу сыртынан 2012-жылы Жакынкы Чыгыш өлкөсүндө респиратордук синдром оорусун чакырган МЕРС-CoV вирусуна окшош.

Урмат Жээнбеков,  “Биринчи радио”