Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылына арналган негизги иш-чара Москвада өтөт
Саясат
Кыргызстан-Россия: эриш-аркак жылына арналган негизги иш-чара Москвада өтөт

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган негизги иш-чара 27-февралда Москва шаарында өтөт. Ага эки өлкөнүн мамлекет башчылары катышат. Лидерлер Кремлде башкы маданий иш-чараны ачышмакчы. 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директору Уланбек Тотуяев билдирди. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында маданий программалардан сырткары саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы 100гө жакын иш-чара пландалган. Бул өз кезегинде инвестиция, туризм, маданият жана билим берүү тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу. Эске салсак, 2020-жылды эки өлкөнүн эриш-аркак жылы деп жарыялоо чечими өткөн жылы Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары учурунда эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.