Жаңылыктар
"Ак-Жол" - "Кордай" бекеттери жыл аягына чейин жабылат
Чек ара
"Ак-Жол" - "Кордай" бекеттери жыл аягына чейин жабылат

20-февралдан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Жол" - "Кордай" бекеттери оңдоо иштерине байланыштуу жыл аягына чейин жабылат. 

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жөө адамдар гана өтө алышат. Бекеттин иштөө тартиби өзгөртүлүп, эртең мененки саат алтыдан түнкү он экиге чейин гана иштейт. Ал учурда өткөрмө жайында курулуш иштери жүргүзүлө берет.