Улуу Ата Мекендик согушта жоокерлер кан майданда салгылашка түшүп, душманды артка чегиндирүү аракетин көрсө, фронттун артында диверсияга каршы коопсуздукту камсыздоо иштери тынымсыз жүргүзүлгөн. Мындай жооптуу иштин бири атайын түзүлгөн темир жол полкунун мойнуна жүктөлгөн.
Оорукта кары-жаш дебей күнү-түнү талбай эмгектенип армияны курал, ок-дары, азык-түлүк жана башка кем-карчы менен тынымсыз жабдып турган. Алардын баары вагондорго жүктөлүп, темир жол аркылуу жеткирилип турду. Дал ушул баалуу жүктөрдү кайтарган атайын полк Жеңиштин келишине чоң салым кошкон.
Аспек Жумашев 1942-жылы 18 жашка толуп, Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Даярыктан өткөн соң, СССРдин Ички иштер министрлигинин алдындагы темир жол аткычтар полкунда кызмат өтөөгө киришет. Ошентип ал 7 жыл темир жол аркылуу өтүүчү маанилүү жүктөрдү кайтарууга алган. Жеңишти Украинада тоскон. Ардагер Германияга чейинки жолду басып өткөн. Ортодо курчоодон жаңы бошотулган Ленинград шаарында да болгон. Ошондой эле, Кавказдыктарды Орто Азияга көчүрүүгө катышкан.
Согуштан 1949-жылы кайтып келип, колхоздо пенсия курагына жеткиче эмгектенген. Азыр очор-бачар болгон ардагер байбичеси менен карылыктын доорун сүрүүдө. Ушул күндө өлкө боюнча 200дөн ашуун ардагер бар. Жеңишти алып келген аталар мамлекеттин камкордугуна алынган.
Ардагер Германияга чейинки жолду басып өткөн. Ортодо курчоодон жаңы бошотулган Ленинград шаарында да болгон. Ошондой эле, Кавказдыктарды Орто Азияга көчүрүүгө катышкан. Согуштан 1949-жылы кайтып келип, колхоздо пенсия курагына жеткиче эмгектенген. Азыр очор-бачар болгон ардагер байбичеси менен карылыктын доорун сүрүүдө. Ушул күндө өлкө боюнча 200дөн ашуун ардагер бар. Жеңишти алып келген аталар мамлекеттин камкордугуна алынган.