Жаңылыктар
Балдарды мектепке электрондук кезек аркылуу каттоо иши башталды
Билим
Балдарды мектепке электрондук кезек аркылуу каттоо иши башталды

Балдарды 1-класска электрондук кезек аркылуу каттоо 15-февралда башталды. Балдарын быйыл башталгыч класска берем деген ата-энелер www.mektep.edu.gov.kg  сайты аркылуу кезекке туруп катталса болот. Автоматташтырылган система буга чейин Бишкекте гана пилоттук негизде иштеп келсе эми өлкөнүн башка аймактарына да киргизилүүдө. 

Билим берүү жана илим министрлиги былтыркы кемчиликтерди эске алуу менен балдарды биринчи класска кабыл алуу чарасына  бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"