Жаңылыктар
Кыргызстан менен Венгрия арасындагы кызматташуу жаңы деңгээлге чыкты
Экономика
Кыргызстан менен Венгрия арасындагы кызматташуу жаңы деңгээлге чыкты

Кыргызстан менен Венгрия кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар. Бул алакаларды сапаттуу баскычка чыгарууга эки мамлекеттин жетекчилери да дилгир. 

Мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери апрель айында Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга расмий сапарынын учурунда талкууга алынаары күтүлүүдө. 2-КАМ: Анын үстүнө кыргыздар менен мажарларды байыркы көчмөн тарых байланыштырып турат. 

Венгрия Кыргызстанга 50 миллион евро жеңилдетилген насыя берүүгө даяр. Ошондой эле тараптар кыргыз-венгер түз инвестиция фондун түзүү маселесин да карап жатат. Эки мамлекеттин алакалары тууралуу кабарчыбыз Нургүл Жумабекованын материалы.


Экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн кыргыз-венгер инвестиция фондун түзүү, жеңилдетилген насыя бөлүү, студенттердин квотасын көбөйтүү жана башка да байланыштарды чыңдоо. Эки жыл мурда Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанда жолукканда бул маселелерди ишке ашыруу ниеттерин билдирсе эми бул макулдашуулар иш жүзүнө аша баштады. Демек байланыш сөздөн ишке өттү.


2018-жылы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келип, көчмөн элдин ата-бабадан келе жактан маданиятын даңазалаган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Анын үстүнө Кыргызстан менен Венгрия тарыхый тамыры окшош өлкөлөр. Венгерлер да кыргыздар өңдүү көчмөн элдердин катарына кирет. Мындан улам тарыхый жакындыгы бар Кыргызстан менен Венгрия кызматташтык байланышты жаңы баскычка чыгарууга, бул үчүн алаканы ар тараптуу бекемдөөгө дилгир экени белгиленген.

Ишке аша турган натыйжалуу макулдашуунун бири акысыз билим ала турган студенттердин санынын көбөйүп жатканында. Быйыл Венгрия өкмөтү 75 студентке акысыз билим алууга орун берсе, эмдиги жылы квота 150 орунга чейин көбөйөт. Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтыгы түптөлгөнүнө 28 жыл болду. Бирок Бишкек менен Бадапешттин байланыштары соңку жылдары бекемделип, негизинен эки мамлекет гуманитардык алакаларды чыңдоонун аракетинде.

Эки мамлекет эми экономикалык байланыштарды бекемдейт. Бул максатта бир катар долбоорлорду чогуу ишке ашыруу ниеттери бар. Быйыл Венгрия Кыргызстанга 50 миллион евро жеңилдетилген насыя берүүгө даяр. Ошол эле учурда кыргыз-венгер түз инвестиция фондун түзүү маселеси да каралууда.

Апрель айында Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий сапары менен бараары күтүлүүдө. Бул сапар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүүгө дагы өбөлгө түзөт.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто баштаган делегация менен болгон жолугушууда экономика, айыл чарба, энергетика, транспорт, жашыл экономика жана санариптештирүү маселелери талкууланганын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында Айдарбеков менен Сийярто мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2021-жылга чейинки кызматташтык программасына кол коюшту.