Жаңылыктар
Инвесторго ишенбестик ири долбоорду жокко чыгарды
Экономика
Инвесторго ишенбестик ири долбоорду жокко чыгарды

Элдин инвесторго ишенбегени мурдагы бийликтегилердин кетирген каталарынын кесепети. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыдагы логистикалык борборду куруу долбоорунун жокко чыгарылышына байланыштуу пикирин билдирди. 

Аталган долбоордо Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталганын белгилеп, бирок мурда кабыл алынган туура эмес чечимдер элдин инвесторго карата ишенимине терс таасир эткенин айтты. 

Өкмөт башчысы жалган, атайылап таратылган маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, муну айрыкча жаштар эске алышы керек экенин белгиледи.

Логистикалык борборду түптөө негизги инвестициялык долбоорлордун бири катары каралып жаткан. Бирок анын курулушу жердин келечек тагдырына байланыштуу талкууларды жараткан. 17-февралда Ат-Башыда өткөн кезектеги акциядан кийин кытайлык компания 280 миллион долларлык долбоорду ишке ашыруудан баш тартты. Өкмөт башчысы бул окуяга өкүнүчүн билдирип, бирок ага инвесторду тартуу иши уланаарын белгиледи.

Логистикалык борбор азык-түлүктөрдү сактоочу жай гана эмес, көп функцияны аткара турган, кайра иштетүүчү бир нече ишканаларды камтыган борбор болоору кабарланган. Мындай артыкчылыктарына карабай жергиликтүү элдин бир бөлүгү инвесторго ишеним арткан жок. Өкмөт башчысы муну мурдагы бийликтердин кабыл алган туура эмес чечимдеринин кесепети деп эсептейт.


Инвестор Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө экенин жана Европа Биримдигинин товарлардын 6 миң түрүн алып кирүүгө жеңилдик берген ВСП+ макамына ээ болгонун эске алып логистикалык борбор кургусу келген. Премьер-министр долбоорду ишке ашырууда күтүлгөн экономикалык божомолдорду да санады.

Быйыл Кыргызстан тышкы карызды төлөөгө 233 миллион доллар жумшайт. 2025-жылдан тартып ар жыл сайын 400 миллион долларды сарптоого туура келет. Өкмөт башчысы келечекте күтүлүп жаткан мындай эсептешүүлөр өлкөгө күч келтирбеши үчүн инвестиция тартуу жана аны коргоо зарыл экенин эскертти.