Жаңылыктар
21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнү
Маданият
21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнү

Эне тил майрамына карата Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы “Тил- достуктун ачкычы” аттуу окуучуларды илимий изденүүгө  багыттаган долбоор алкагында, шаар боюнча мыкты деп тандалып келген окуучулардын түркүн  элдин тили, маданияты тууралуу, кызыктуу маалымат топтоп даярдаган программасын көрүп алдыңкыларды аныктады. Эң мыкты даярдык менен келген №69 мектеп гимназия жана №88 орто мектеп биринчи орунга чыкты. 

Калыстар тобу конкурска катышкан окуучулар эң алды эне тилин жана андан башка кеминде 3 тилди өздөштүрө билгени кубанчытуу экенин белгиледи.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"