Жаңылыктар
Бельгияда адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылды
Дүйнө
Бельгияда адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылды

Коронавируска байланыштуу Монголиядагы карантиндин мөөнөтү узартылды.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды.

Бельгияда адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылды.


Коронавирустун айынан Монголиядагы бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлар ишин 30-мартка чейин убактылуу токтотот. Мындай чечимди Монголия бийлиги кабыл алганын батыш маалымат каражаттары жазууда.Маалым болгондой, өлкөдө коомдук иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынды.Коронавируска байланыштуу өлкөдө карантин жарыялоону Монголиянын саламаттыкты сактоо министри сунуштаган. Мындай сунуш 24-январда атайын сессияда каралып, Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-мартка чейин карантин жарыялаган.Учурда Монголияда коронавирус жуктуруп алгандар каттала элек. Профилактика үчүн Монголия-Кытай чек арасы жабылып, 336 Монгол жараны Кытайда калган.


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди кызматтан кетүүгө чакырган укук таануучу, активист Сюй Чжиюн кармалды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.Активист кытай жетекчилигинин коронавирус менен күрөшүү боюнча чараларын сынга алган.

"Сюй Чжиюн Кытай лидери Си Цзиньпин өлкөнү ири кризистик мезгилдерде башкара албай жатканын айтып, бул тууралуу социалдык тармактарга билдирүү жарыялаган. Билдирүүлөрдөн кийин укук коргоо органдары аны Гуанчжоу провинциясындагы кесиптешинин үйүндө жашынып жаткан жеринен таап, кармап кетишкен. Ошондой эле Сюй Чжиюнду жашырып жүргөн үй ээси жана анын уулу да камакка алынганы айтылат. Бирок көп өтпөй экөө коё берилген. Чжиюн буга чейин дагы нааразычылык акцияларын уюштуруп, ал үчүн түрмөгө отуруп чыккандыктан, достору ага көбүрөөк мөөнөт берилип калышы мүмкүн деп кабатыр болуп жатышканын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.Буга чейин россиялык белгилүү саясат тануучу Игорь Панарин англиялык агенттер коронавирустун арты менен Си Цзиньпинди бийликтен кетирүүнү көздөп жатат деген пикирин билдирген.Маалым болгондой, коронавирус оорусу алгач Кытайдын Ухан шаарында чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан жабыркагандардын саны 75 миң 198 болсо, каза болгондор 2009га жетти. Ал эми ооруканадан дарыланып чыккандар 14 миң 530ду түздү. Кытайдан тышкары коронавирус дүйнөнүн 20дан ашык мамлекетинде катталган.


Казакстандын Кордай районундагы баш аламандыкка байланыштуу 90го чукул кылмыш иши ачылды. Арасында Масанчи айылындагы 11 адамдын өлүмү боюнча дагы кылмыш иши бар. Маалыматты Казакстандын ички иштер министри Марат Кожаевге таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыкты."Бүгүнкү күндө жүздөй киши суралып, процессуалдык иштер жүргүзүлүп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, жүргүзүлүүдө. Бардык көрсөтмөлөр алынгандан кийин күнөөлүү жарандар жоопко тартылат. Козголгон кылмыш иштери 90го жетти. Улам жаңы жагдайлар ачылып, фактылар кошулуп жатат", - деген министр. Буга чейин массалык жаңжалга байланыштуу 25 кылмыш иши ачылган.


Бельгиянын Гент шаарында археологдор адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдарды табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Археологдор Бавон чиркөөсүнө археологиялык казуу жүргүзгөндө, адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдарды табышкан. Дубалдар негизинен чоң кишинин бутунун сөөктөрүнөн тургузулуп, ортодогу мейкиндик баш сөөктөр менен толтурулган. Археологдор мындай дубалдар 17-18-кылымда тургузулган деп божомолдоодо. Окумуштуулардын айтымында, чиркөөдөгү көрүстөнгө жаңы сөөктөрдү көмүү үчүн эскилерин тазалашкан. Яниек де Гризе аттуу окумуштуу мүрзөнү тазалаганда сөөктөрдү жөнү жок ыргыта алышпай, атайын скелет сактоочу жай кылышкан деген. "Мындай табылга Бельгия үчүн абдан баалуу" деген археологиялык топтун өкүлү Рубен Виллаэрт.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”