Жаңылыктар
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин иш таржымалы маалым болду
Саясат
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин иш таржымалы маалым болду

Эркин Асрандиев 44 жашта. Билими жогорку. 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинде экономист кызматынан баштаган. 

Андан соң,

1997-1998-жж. Милдеттүү медициналык камсыздандаруу фондунун финансы-экономикалык бөлүмүндө алдыңкы адис, башкы адис, жетекчи;

1998-2004-жж. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын финансы-экономикалык бөлүмүндө насыя адиси, жетекчи;

2004-2006-жж. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААКында финансы-экономикалык маселелер боюнча башкы директордун орун басары;

2006-2008-жж. Экономикалык өнүгүү башкармалыгы боюнча адиси;

КРнын Өкмөт Аппаратынын ишкердик жана туризм, экономиканы башкаруу жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жж. КРнын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жж. "ФинансКредитБанк КАБ" ААКтын Бишкектеги филиалынын директорунун орун басары;

2011-ж. "ФинансКредитБанк КАБ" ААКтын Бишкектеги филиалынын директору;

2011-2012-жж. башкаруучулуктун төрага орун басары, төраганын милдетин аткаруучу;

2012-2013-жж. "ФинансКредитБанк КАБ" ААК башкаруучулугунун төрагасы;

2013-ж. "Айыл Банк" ААК башкаруучулугунун төрага орун басары, төраганын милдетин аткаруучу, төрагасы, башкаруучулугунун мүчөсү;

2016-ж. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү;

2017-жылдын 19-октябрынан тарта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болгон.

КРнын өкмөтүнүн жана президентинин бир катар ардак грамоталары менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.