Жаңылыктар
Сомдун наркы туруктуулугун сактап келет
Экономика
Сомдун наркы туруктуулугун сактап келет

Ички жана тышкы экономикалык соккуларга карабай кыргыз сому туруктуулугун сактап келет. Өзгөчө соңку жылдары Улуттук банк кескин чараларды көрүүгө мажбур болду. Экономикалык кыйынчылыктан улам сом 28 пайызга девальвация болгон же арзандаган.

 

Бул- дүйнөлүк каатчылыктан кийин мунайдын баасы кескин түшүп кеткенине жана АКШ долларды бекемдөө саясатын жүргүзгөн учурда сомдун беделин кармоо чараларынан улам болду. 

Ошол эле учурда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийинки ылайыкташуу аракеттери да таасирин тийгизди. Улуттук банктын өкүлү Сейткасымованын айтымында ички жана тышкы экономикалык кыйынчылыктарга карабай кыргыз сому - Советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен эң туруктуу валюта бойдон калды.