Жаңылыктар
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун эмгек жолу
Саясат
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун эмгек жолу

Жогорку Кеңештин депутаттары Акрам Мадумаровду вице-премьер-министрлик кызматка жактырды. Эл өкүлдөрүнүн 97си "макул" болсо, бирөө гана "каршы" добушун берди. Акрам Мадумаров буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан. Аталган кызматты бир жылдай аркалады. 

Акрам Мадумаров 43 жашта. Билими жогорку.

1999-жылы Кыргыз агрардык университетин бүтүргөн. 2013-жылы КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияcын аяктаган.

Эмгек жолу:

1999-2005-жж. Кыргыз агрардык университетинин аспиранты, ассистенти, улук окутуучусу;

2006-2008-жж. КР Президентинин Иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти;

09.2008-07.2009-жж. КР Президентинин Иш башкармалыгынын түштүк резиденциясынын директорунун орун басары;

07.2009-01.2013-жж. КР Президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

01.2013-04.2013-жж. Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин милдетин аткаруучу;

04.2013-06.2017-жж. Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;

06.2017-09.2017-жж. КР Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

09.2017-04.2019-жж. КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

2019-жылдын 1-апрелинен тарта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

"Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" чини бар.