Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ант берди
Саясат
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ант берди

Замирбек Аскаров 45 жашта. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Ош мамлекеттик университетин География адистиги боюнча аяктаган. 2014-жылы Ош мамлекеттик университетинин "Финансы жана кредит" адистигин бүтүргөн.

1999-2005-жж. Ош мамлекеттик университетинин мугалими, жаштар комитетинин төрагасы;

2002-2006-жж. Ош шаардык туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы;

2006-2012-жж. Ош шаардык дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы;

2012-2013-жж. Ноокат районунун акими;

06.2014-04.2018-жж. Ош шаарынын биринчи вице-мэри;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР Вице-премьер-министри.

Сыйлыктары жана наамдары:

Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министирлигинин ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги;

Билим берүүнүн отличниги төш белгиси;

Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;

"Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы" төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.