Жаңылыктар
Бельгияда адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылды
Дүйнө
Бельгияда адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылды

Бельгиянын Гент шаарында археологдор адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдарды табышты. Археологдор Ыйык Бавон чиркөөсүнө археологиялык казуу жүргүзгөндө, адамдын сөөктөрүнөн жасалган дубалдар табылганын кабарлашкан.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Дубалдар негизинен чоң кишинин бутунун сөөктөрүнөн тургузулуп, ортодогу мейкиндик баш сөөктөр менен толтурулган. Археологдор мындай дубалдар 17-18-кылымдарда тургузулган деп божомолдошууда. 

Окумуштуулардын айтымында, чиркөөдөгү көрүстөнгө жаңы сөөктөрдү көмүү үчүн эскилерин тазалашкан. Яниек де Гризе аттуу окумуштуу мүрзөнү тазалаганда сөөктөрдү жөнү жок ыргыта алышпай, атайын скелет сактоочу жай катары дубалды пайдаланышкан деген. Археологиялык топтун өкүлү Рубен Виллаэртанын айтымында, тарыхый табылга сакталбайт. Себеби Собордун аймагына жаңы мекеме куруу үчүн сөөктөрдү алып салуу пландалууда.