Вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров жана Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун Жогорку Кеңеште ант берүү аземи Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өттү.
Жаңы кызматка киришкен өкмөт мүчөлөрүн куттуктап жатып мамлекет башчы, ант берүү - мааниси бийик сөздөрдү жөн гана окуп коюу эмес, элдин, мыйзамдын, абийирдин алдында өзүнө жоопкерчиликти алуу экенин өзгөчө белгиледи. Президент өлкө экономикасын көтөрүү, калк турмушун жакшыртуу, журт биримдигин чыңдоо, эл ичинде туруктуулукту сактоо маселелерине кайрылып, бул багытта мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтери ырааттуу иш алып барып жатканын айтты.
Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо - баарынан бийик экенин белгиледи. Мекендештердин колдоосу менен, ынтымак жана тынчтыктын негизинде ири реформаларды жүргүзүп жатканына токтолду. Элет жеринде ишкердикти өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү үчүн салык жагынан абдан чоң жеңилдиктер берилгенин айтты.