Жаңылыктар
Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык айылдары таза суу менен камсыз болот
Аймак
Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык айылдары таза суу менен камсыз болот

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди. 

Анын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болгон. 2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштери аяктап, таза суу инфраструктурасы жаңыртылат. 

Бүгүнкү күнү эл аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлүп, баардыгы болуп 33 млрд сомдук финансылык булактар аныкталды. Инвесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланат.