Жаңылыктар
Файзулин: кыргыз балбандарынын даярдык деңгээли мыкты
Спорт
Файзулин: кыргыз балбандарынын даярдык деңгээли мыкты

Кыргыз балбандарынын даярдык деңгээли мыкты. Бул тууралуу эл аралык WMMA уюмунун өкүлү Адель Файзулин билдирди. Ал Ош шаарында өткөн эрежесиз таймаштан соң жергиликтүү спортчулардын деңгээлине жогору баасын берди.

"Өз карьерамда ар кайсы өлкөлөрдө өткөн көп деген чемпионаттарда калыстык милдетимди аркалап келдим. Бирок Ош шаарында уюшулган мелдеште кыргыз спортчуларынын өздөрүн алып жүрүүсү жакты. Алар таймаштын баардык талаптарын так сакташат экен. Башка өлкөнүн балбандары беттешке чыгар алдында өздөрүн адепсиз алып жүрүшөт. Ал эми кыргыз спортчулары мелдешке олуттуу көз караш менен карап, атаандашын да сыйлай билет. Андан тышкары жергиликтүү балбандардын даярдыгы мыкты экенине да көзүм жетти"-дейт Адель Файзулин.