Жаңылыктар
Президент парламенттик шайлоо тууралуу эмне айтты?
Шайлоо 2023
Президент парламенттик шайлоо тууралуу эмне айтты?

Быйыл парламенттик шайлоого карата көптөгөн саясий өнөктүктөр козголуп, партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. 

Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясатка алагды болуусун шарттайт, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып. 

Мамлекет башчысынын айтуусунда, мыйзам чыгаруу иши солгундайт. Учурда парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн, мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар экенин айткан мамлекет башчы, бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигине токтолду. Кийинки парламент келип, ишин баштаганча, өлкөдөгү реформаларга зарыл мыйзамдар күчүнө кириши керектигин белгиледи.