Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотека өлкөнүн ар бир жараны үчүн жеткиликтүү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотека өлкөнүн ар бир жараны үчүн жеткиликтүү

«Арзан турак жай» программасынын алкагында төрт жарым миңден ашуун үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып маалымдады. 

Мамлекеттик ипотека 2016-жылы 14 пайыз менен бериле баштаганын эске салган президент, кийинчирээк 8-10 пайызга, ал эми былтыр 6 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтты. Эми бюджет тармагында иштеген жарандар гана эмес, ким турак жайга муктаж болсо, мамлекеттик ипотека алууга кайрылса боло тургандыгын кошумчалады.