Жаңылыктар
Райимберди Дүйшөнбиев менен Дүйшөнбек Чоткараевге генерал наамы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Райимберди Дүйшөнбиев менен Дүйшөнбек Чоткараевге генерал наамы ыйгарылды

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевге генералдык погондорду тапшырды. Буга чейин Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык, Райимберди Дүйшөнбиев менен Дүйшөнбек Чоткараевге “генерал-майор” аскердик наамдары ыйгарылган эле.

Күч түзүм жетекчилеринин катышуусунда генералдык погондорду тапшырып жатып өлкө башчы Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары мамлекет Куралдуу күчтөргө мамилесин түп-тамырынан бери өзгөрткөндүгүн жана аскер түзүмдөрүн, укук коргоо органдарын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи. 

Акыркы кезде Кыргызстанда аскер кызматкерлери, укук тартибин коргоо жана куткаруучулар үчүн үйлөр салынгандыгын жана дагы курулуп жаткандыгын айтты. Алардын кызматтык шарттарын, социалдык коргоону жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканына токтолду. 

Президент ошондой эле, Райимберди Дүйшөнбиев менен Дүйшөнбек Чоткараевге генерал деген бийик наамга татыктуу болуп, өлкөнүн келечеги үчүн кызматтарында мындан аркы ийгиликтерди каалады.