Жаңылыктар
Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар
Ден соолук
Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар

Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тыкыр ойлонулуп, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, элди тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталышы кажет. Мындай пикирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алганда билдирди. 

Министрликтин саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүп, жаңы медициналык мекемелерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча пландарын колдоого алаарын айткан өкмөт башчы - биринчи кезектеги милдет катары - медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатып, аймактарда жетишсиз болгон медициналык кызматкерлер маселесин чечүү керектигин белгиледи. 

Талантбек Батыралиевдин маалыматына ылайык, учурда республика боюнча оңдоого мүмкүн болбогон 11 объект авариялык абалда турат. Бюджеттеги каражаттын тартыштыгынан улам, абалдан чыгуунун жолу катары чет элдик инвестицияларды тартуу каралууда. Жолугушууга вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева дагы катышты.