Жаңылыктар
Музей кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Музей кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги  музей кызматкерлеринин эмгек акысын 1,8 коефицентке көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иштеп чыгууда.

Токтом долбоор жактырылып, ишке ашкан соң, министрлик өзүнүн карамагындагы мекемелерге көбөйтүлгөн өлчөм менен эмгек акы төлөп баштайт. Ал эми, 2020 –жылга карата министрлик тарабынан музейлерге 91 млн. сом акча каражаты каралган.

Эске салсак, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы  116 музей бар (мамлекеттик, ведомстволук, мектеп музейлери жана жеке музейлер). Анын 28и гана  Маданият министрлиги тарабынан каржыланса, калган бөлүгү муниципалдык, жергиликтүү жана башка булактардан каржыланат.