Жаңылыктар
Маңдай тердин жемиши
Маданият
Маңдай тердин жемиши

Лейлек районунун Маргун айылынын тургуну уз-чебер Каныгүл Анварова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгисин килем бетине түшүрүп эл алдына алып чыкты. Чебердин айтымында аны бир айга жакын убакытта токуп бүтүргөн. Килем боёксуз, таза койдун жүнүнөн жасалган. 

Учурда чебер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгиси түшүрүлгөн өлчөмү чоң килемди токуп чыгууга камданууда жана аны 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эл назарына сунуштоону максат коюп жатат. Буга чейин Лейлек жергесинин уз-чеберлеринин колунан жасалган килемдер дүйнөнүн көп жерлеринде көргөзмөгө коюлган.